ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда жаштар жана балдар арасындагы диний экстремизмди алдын алуу боюнча конференция өткөрүлдү

Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин актовый залында Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиевдин катышуусунда жаштар жана балдар арасындагы диний экстремизмди алдын алуу боюнча конференция өткөрүлдү.

Өзүнүн сөзүндө район башчысы Аскербек Алиев жалпы билим берүү уюмдарынын бардык жетекчилерин жана окуучулардын ата-энелерин балдарда жана окуучулардын жүрүм-турумуна өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.


Райондун прокурору Гүлнара Акимбаева социалдык тармактардагы кооптуу оюндар жана жаштар арасында диний экстремизмди алдын алуу бүгүнкү күндөгү актуалдуу тема экендигин белгиледи.
Конференцияда билим берүү башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, балдарга жардам берүү борборунун өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.


Аталган жыйындын соӊунда район башчысы бардык катышуучуларга курч көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, балдарга өзгөчө көӊүл буруу керектигин белгиледи.


Иш-чарага мектеп директорлору, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары, социалдык мугалимдер, психологдор жана ата-энелер коомчулугу катышты.