ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы тротуарлардагы жарнама конструкцияларын алууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Свердлов районундагы 112 мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкцияларын алды.
Монтаждоо иштери Курманжан Датка кɵчɵсʏндɵ Чʏй проспектисинен чоӊ Чʏй каналына чейин, ошондой эле Жибек –Жолу проспектисинде Осмонкул кɵчɵсʏнɵн Буденный кɵчɵсʏнɵ чейин жʏргʏзʏлдʏ.
 
Муниципалдык кызматтарга шаар тургундарынан жарнама такталары өтүүчү жолго жана тротуарларга орнотулуп  жаткандыгы, ошондой эле калаанын тышкы көрүнүшүн бузуп жаткандыгы тууралуу арыздар келип түшүүдө.
 
2016-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн. Башкармалыктын директору Иманакун уулу Талант. Телефон 0557 55 70 58, 0312 89 19 26.