ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Республикалык илим, техника жана ɵндʏрʏш жумалыгынын ачылышы ɵткɵрʏлдʏ

Калаанын мугалимдери жана окуучулары билим берʏʏ башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте республикалык илим, техника жана ɵндʏрʏш жумалыгынын салтанаттуу ачылышына катышышты.
Жумалыктын ачылышы Бишкек шаарынын тɵрт районунун бардык мектептеринде ɵткɵрʏлʏп, калаанын соода борборлорунун биринин аянтчасында Балдар республикалык инженердик-техникалык академиясыны тарабынан мастер –класстар уюштурулуп, 200 дɵн ашык Бишкек шаарынын окуучулары, инженер-ɵндʏрʏʏчʏлɵр жана кызматкерлер катышышты.
 
Республикалык илим, техника жана ɵндʏрʏш жумалыгы 2017-жылдын 6-февралынан 12-февралына чейин ɵткɵрʏлʏп, Балдар республикалык «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясынын 55 жылдыгына арналат.  
 
Билим алып жаткан жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын жана инновациялык иш-аракеттерин андан ары натыйжалуу өнүктүрүү, таланттуу балдарды колдоо, ошондой эле окумуштуулар, инженерлер, рационализаторлор менен кызматташууну кеңейтүү максатында  ɵткɵрʏлʏʏдɵ.
 
Окуучулар ʏчʏн окумуштуулар менен жолугушууларды уюштуруу, дʏйнɵлʏк илимге жетишкендиктер жɵнʏндɵ лекцияларды ɵткɵрʏʏ пландалууда.
 
Балдар республикалык «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясы Манас проспектиси №1 дарегинде жайгашкан. Тел: 31-58-47. 
 
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берʏʏ башкармалыгынын башчысы –Мейрманова Сауле Жаксылыковна. Тел: 61-39-72.