ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Баарыбыз лыжага - 2017” иш-чарасы өткөрүлөт

2017-жылдын 9-февралында Чоң-Таш айылынын тоосунда жыл сайын өткөрүлүп келинген “Баарыбыз лыжага - 2017” спорттук майрамы өткөрүлөт. Кышкы иш-чарага калаанын окуучулары, ошондой эле балдарды калыбына келтирүү борборлорунун жана балдар үйүнүн тарбиялануучулары чакырылды.

Иш-чарада балдар үчүн кышкы оюндар, кар киши жасоо, аркан тартыш, “Бука тартыш”, “Таяк тартыш” жана спорттук бгыт алуу боюнча конкурстар уюштурулат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышат.


Спорттук иш-чаранын максаты окуучуларды кышкы спортко тартуу жана сергек жашоого үндөө болуп саналат. Иш-чаранын катышуучулары үчүн ысык тамак уюштурулат.


Өткөн жылы спорттук иш-чара Стрельников айылында өткөрүлгөн жана ага 400 дөй бала чакырылган.


Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов. Телефон: 44-29-51.


Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Мейрманова Сауле Жаксылыковна. Телефон: 613728.


Иш-чаранын координатору: Арстанбек Салбарович 0700952001.