ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык кызматтар Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жээктерине мониторинг жүргүзүүдө

“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын кооптуу жээктерине мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Азыркы учурда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын кооптуу жээктерине мониторинг жана дайыма көзөмөл жүргүзүлүүдө. Мониторинг “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын суу чарба кызматкерлери тарабынан графикке ылайык  күнү-түнү жүргүзүлүүдө.


Ошондой эле ишкананын кызматкерлери коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоо жана чириген дарактарды кыркуу иштерин өткөрүүдө. Учурда Тоголок Молдо көчөсү Щербаков көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө.