ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунун башчысынын студенттер менен диний экстремизмди алдын алуу боюнча жолугушуусу өткөрүлдү

Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиевдин окутуучулук-профессордук курамы жана студенттер менен диний экстремизм жана укук бузууларды алдын алуу боюнча жолугушуусу өткөрүлдү.

Район башчысы диний экстремизм жана укук бузууларды алдын алуу, окуу жайларында коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.


Ошондой эле райондун прокурору, ИИБ башчысы укук бузууларды жана диний экстремизмди алдын алуу боюнча аткарган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти.


Бишкек Казыяттын өкүлү дин жана экстремизм боюнча маалымат берип, түшүндүрдү.


Жолугушуунун жыйынтыгында район башчысы Аскербек Алиев Жакынкы Чыгыштагы окуяларды эске алып, университеттин жетекчилигине райондук УКМК жана КМДБ менен биргеликте  жамаат жана студенттер арасында диний экстремизмге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.


Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «2017-жылды Ыйман, адеп жала маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» Указын аткаруунун жана   КР Президентинин Указы менен бекитилген «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын»,  «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруунун  алкагында өткөрүлдү.