ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калааны жарыктандырууну улантууда

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын акыркы маалыматы боюнча, калаада тышкы жарыктандырууну модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жыл башынан бери Шабдан Баатыр көчөсүнө Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ошондой эле Токтогул көчөсүнө Гоголь көчөсүнөн Бейшеналинева көчөсүнө чейин 260 заманбап светодиоддук чырак орнотулду. Азыркы учурда Юнусалиев көчөсүндө оӊдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жылы жалпысынан калаанын 38 көчөсүнө 6 миӊ энергоүндөмдөөчү чырак орнотуу пландалууда. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери узундугу 20 км тышкы жарыктандыруунун зымын алмаштырууну пландап жатышат.


«Бишкексвет» МИ диспетчердик кызматынын номери - 31-17-23.


Турак-жай-коммуналдык чарба маселелерин, анын ичинде «Бишкекжарык» МИ Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков көзөмөлдөйт.