ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы компьютердик клубдарга рейд өткөрдү

2017-жылдын 1-февралында Ленин райондук администрациясы райондук ИИБ менен биргеликте райондун аймагында жайгашкан түнкү компьютердик клубдарга рейд өткөрдү.

Рейд компьютердик клубдарда жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында өттү. Текшерүүнүн жүрүшүндө 10 түнкү компьютердик клуб текшерилип, 9 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Алардын ичинен 5 бала КР ИИМ Жашы жете элек өспүрүмдөрдү калыбына келтирүү борборуна жеткирилди. 4 бала ата-энесине тапшырылып берилди.


Балдардын ата-энелерине баланы туура тарбиялоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кароосуз калган балдардын ата-энелери административдик жоопкерчиликке тартылаары тууралуу эскертүүлөр берилди.


Ошондй эле компьютердик клубдун администраторуна окуу маалында жана саат 22:00дон кийин жашы жете элек балдарды компьютердик клубка киргизбөөнү эскертип, кайрадан текшерүүдө жашы жете элек өспүрүдөрдүн отурганы аныкталса имаратты жабууга чейин чаралар көрүлөрүн билдиришти.


Бүгүнкү күндө Ленин районунун өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы күндүзгү жана түнкү компьютердик клубдарды текшерүүнү улантууда.


Рейдке Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, райондук билим берүү борборунун директору А.Эдилбеков, Ленин районунун ИИБ ӨИИ кызматкерлери катышышты.