ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган 350 жарнама конструкциялар алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз орнотулган 350 жарнама конструкциясын алды. Монтаждоо иштери Патриса Лумумбы жана Некрасов көчөлөрүндө жүргүзүлдү.

Муниципалдык кызматтарга шаар тургундарынан жарнама такталары өтүүчү жолго жана тротуарларга орнотулуп  жаткандыгы, ошондой эле калаанын тышкы көрүнүшүн бузуп жаткандыгы тууралуу арыздар келип түшүүдө.


2016-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн. Башкармалыктын директору Иманакун уулу Талант. Телефон 0557 55 70 58, 0312 89 19 26.