ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мыйзамсыз курулган 5 кабаттуу имарат буздурулууда

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Бүгүн ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулду.

Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барышат.


Мурда инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштун ээсине бир нече жолу эскертүү берилген. Бирок ал тараптан эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Жакын арада Бишкек шаарындагы бир нече мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлөт.


Маалымат: Ыкчам штабдын төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев. Телефон: 61-08-20.


Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Иманакун уулу Талант. Телефон 0557 55 70 58, 89 19 26.