ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Унаа жуучу жайлар Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы калаанын санитардык абалын текшерүүнү улантууда.

Кезектеги текшерүүдө Көк-Жар көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан унаа жуучу жайынын айланасы антисанитардык абалга жеткендиги, аталган жайдын кызматкерлери таштандыларды белгиленбеген жерге чогулткандыгы жана санитардык-экологиялык нормаларды бузгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан унаа жуучу жана вулканизациялоо жайынын ижарачысынын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов. Телефон:  65-81-59.