ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Албек Ибраимов расмий түрдө мэрлик кызматка киришти

Бүгүн, 2017-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Мамытов Албек Ибраимовго шаардык муниципалитетти башкарууга мандат тапшырды.

Албек Ибраимовго мэрдин күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-январындагы №26 токтомуна ылайык тапшырылды.


Эскерте кетсек, 2017-жылдын 11-январында Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлүп, 29 добуш менен Бишкек шаарынын мэри болуп Ибраимов Албек Сабирбекович шайланды.