Бишкекте волейбол боюнча мектеп лигасы башталды
- Подробности
- Опубликовано 31.01.2017 09:38
Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, «Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплексинде кыздар жана балдар арасында волейбол боюнча мектеп лигасынын шаардык этабы башталды.
Мелдештин салтанаттуу ачылышына спортчулар, ата-энелер, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Мурат Узупбеков, спорттук оюдар боюнча адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин директору Мейирхан Аманбеков катышты.
Мелдешке ар бир райондон төрттөн команда катышат. Бардыгы 32 команда – 16 кыздар командасы, 16 балдар командасы. Мелдештин жеӊүүчүлөрү жогорку лигага жана келечекте эл аралык мелдештерге катыша алышат.
Аталган спорттук мелдеш жалпы билим берүү уюмдарынан мыкты командаларды аныктоо, окуучуларды сергек жашоого үндөө, дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов. Телефон: 44-29-51;44-29-51.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |