ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрия балдарга жардам көрсөтүүнү улантууда

Бишкек шаарынын мэриясы «Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Ассоциациясы» ачык коомуна  10  миӊ сом жардам көрсөттү. Көрсөтүлгөн каражатка массаждык орундук сатылып алынды. Эми борбордун балдарына массаж кызматы көрсөтүлүүдө.

Жардам Ачык эшик күнү иш-чарасында тапшырылды.


Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, конокторго шарлардан жасалган гүлдөр таратылды.


Иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, алардын ата-энелери, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин студенттери, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү минстри Таалайкул Исакунова, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жамалкан Мамытова, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.


Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нарынкүл Эшенкулова. Телефон: 62-37-73.