ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 50 мыйзамсыз жарнама такталары алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 50 мыйзамсыз жарнаманы алды. Алуу иштери Некрасов көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин жүргүзүлдү.

Шаардык кызмат тарабынан жалпысынан 28 баннер, 16 жарнама штендер, 6 жарнама тактасы алынды. Муниципалдык кызматтарга шаар тургундарынан жарнама такталары өтүүчү жолго жана тротуарларга орнотулуп  жаткандыгы, ошондой эле калаанын тышкы көрүнүшүн бузуп жаткандыгы тууралуу арыздар келип түшкөн.


2016-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулуш департаменти Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн. Башкармалыктын директору Иманакун уулу Талант. Телефон 0557 55 70 58, 0312 89 19 26.