ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жоюу чаралары талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мектептин директорлоруна, орун басарларына, социалдык маселелер боюнча мугалимдерге, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйында мектеп окуучуларынын арасында укук бузууларды жана массалык урушууларды жоюу чаралары талкууланып, өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча шаардык комплекстүү программаны ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.


Кеӊейтилген жыйын Нарын облусунун Кочкор районунда жана Ош облусунун Араван районунда өспүрүмдөрдүн массалык урушууларына байланыштуу, Бишкек шаарындагы өспүрүмдөрдүн арасында укук бузууларды алдын алуу максатында уюштурулду.


Аталган жыйындын соӊунда окуучулар жана ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле көзөмөлгө алуу, мектеп администрацияларын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте массалык урушууларды алдын алуу жана иш-чаралар планын иштеп чыгуу чечими чыгарылды.


Иш-чарага 300 адам, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаарынын кеӊешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Гульнара Молдобаева, Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, райондук билим берүү борборлорунун, социалдык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.

.