«Дельфин» бассейнин оӊдогон бөдрөтчү компания кемчиликтерди жоюуда
- Подробности
- Опубликовано 17.01.2017 14:49
Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, «Комстрой Компани» ЖЧК бөдрөтчү компаниясы «Дельфин» бассейнин эксплуатацияга берүүдө аныкталган кемчиликтерди жоюуда. Аткарылган иштердин акты дагы кабыл алына элек.
Азыркы учурда кир жуучу каражаттарын коюу үчүн текчелер, кийим илгичтер орнотулуп, алмаштырууну талап кылган нерселер жаӊыга алмаштырылды. Жакынкы күндөрү компания душ кабиналарында суунун бир жерге топтолуп калбай агып кетүүсүн оӊдошот.
ЖМКда бассейндеги суу нормаларга жооп бербейт деген маалыматтар чыккан. Стандарт боюнча суунун температурасы 25-29 °С болуусу керек. Эгерде суунун температурасы берилген нормадан жогоруласа, эки саат тынымсыз машыккан спортчулар көтөрө алышпай калат. Кан басымы көтөрүлүп, ооруп калуулары мүмкүн.
«Дельфин» адистештирилген балдар олимпиадалык резервдик спорттук мектеби жана Бишкек шаарынын мэриясы бассейнге келген шаар тургундарын муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга, бүлдүрбөөгө, шкафтын ачкычтарын убагында тапшырууга чакырат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |