Бишкек шаарынын мэриясы кырсыктан жабыркагандарга жардам чогултуу пунктарын ачты
- Подробности
- Опубликовано 16.01.2017 12:08
Урматтуу бишкектиктер! «Манас» аэропортуна жакын Дача-Суу айылында кулаган учактын кесепетинен мекендештерибиз жабыркап, оор жоготууга дуушар болуп отурабыз. Бишкек шаарынын мэриясы кырсыкта көз жумгандардын жакындарына, үй-бүлөлөрүнө тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат жана жабыркагандарды тезирээк сакайып кетишин тилейт.
Шаардык муниципалитет жардам чогултуу пунктун Чүй проспектиси, №315 дарегинде Ленин райондук администрациянын имаратында ачты.
Жардам берүүнү каалаган жарандар жардам чогултуу пунктуна 0312 65-38-81, 0312 65-69-02 телефон номерлери аркылуу байланыша алышат. Ал эми жардам чогултуу иштерин райондун акиминин орун басары Жамалкан Мамытова жетектөөдө. Анын телефону 0551 18-43-28.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |