ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

№2 Шаардык клиникалык төрөт үйү капиталдык оӊдоодон кийин ачылды

Бишкекте №2 Шаардык клиникалык төрөт үйү капиталдык оӊдоодон кийин ачылды. Эмгек жамааты жаӊы, жакшыртылган шартта иштөөгө киришти.

№2 төрөт үйүнүн аймагындагы жылуулук түтүгүнүн жарылгандыгына байланыштуу 2016-жылдын 11-ноябрынан 2017-жылдын 16-январына чейин оӊдоо иштери жүргүзүлүп, 2,5 млн.сомго жылуулук түйүндөрү алмаштырылды.


Жылуулук түтүктөрүн оӊдоо менен бирге  I, II акушер бөлмөлөрү, балдар, гинекология, кош болуулар үчүн патология бөлүмдөрүнүн ичине оӊдоо иштери жүргүзүлдү.


«Эко Ресурс Азия» ЖЧКсынын жардамы менен балдар жандандыруу бөлүмүнө, №2 операциялык залына, балдарды чыгаруу бөлмөсүнө капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлүп, 2 кондиционер жана кычкылтек бөлүмүнө   кычкылтек оксигенератору орнотулду.


Маалымат:  №2 Шаардык клиникалык төрөт үйү 1962-жылы курулган.