КР Өкмөтү шаардык муниципалитеттин кызматкерлерин сыйлады
- Подробности
- Опубликовано 11.01.2017 09:06
Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин КР Өкмөтү тарабынан сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасына сиӊирген өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» МИ айдоочусу Абдрахманов Муканбет сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ш. Жээнбековдун атынан ыраачылык төмөнкүлөргө жарыяланды:
- Ормокеев Улану Сабыралиевич – «Жашылдандыруу курулуш» МИ жашылдандыруу-чебери;
- Кайкиева Гульнур Абджапаровна – Бишкек шаардык медициналык тез жардам станциясынын дарыгери;
- Кузнецова Татьяна Анатольевна – Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча башчынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы буйругу менен ыраазычылык төмөнкү кызматкерлерге жарыяланды:
- Жапаров Азамат Бактыбекович – Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Кожомкулов Азамат Төлөмүшович– «Бишкексвет» МИ башчысы;
- Сарпашев Рыспек Анакович – «Тазалык» МИ башчысы.
Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн «Бишкек шаарынын мэриясынын күмүш төш белгиси» менен Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абылаев Замирбек Адылович сыйланды.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |