Бишкек шаарынын мэриясы туруктуу үй-жайсыз адамдарды акысыз нан менен камсыз кылууда
- Подробности
- Опубликовано 09.01.2017 16:32
Бишкек шаарынын муниципалдык наабайканасы үй-жайсыз адамдарга бекер нан менен камсыз кылууга, жардам көрсөтүүгө даяр.
Учурда шаардык наабайкана Октябрь районундагы үй-жайсыз адамдардын баш калкалоочу жайына ай сайын 300 нан берип келет. Жакын арада наабайкана пенсионерлерге арзандатылган нан бере баштайт.
Бүгүнкү күндө наабайкана күнүнө 6 миӊ бөлкө нан чыгарат. Нандын баалары нандын салмагына жана ундун сапатына жараша 9 сомдон 11 сомго чейин сатылат. Мындан тышкары наабайканада нандын башка түрлөрү дагы өндүрүлүүдө. Жалпысынан калаада муниципалдык нанды сатуучу 18 күркө иштөөдө.
Наабайкана 12 к/р. Токомбаев көчөсүндө жайгашкан. Ишкананын директору Жаныбек Турдалиев. Бардык суроолор боюнча 0312 93-30-58, 89-50-93 номерлерине кайрылсаӊыздар болот.
Маалымат: муниципалдык наабайкана 2015-жылдын 7-майында ачылган. Имарат Түркия Республикасынын Премьер-министринин аппаратына караштуу Кызматташтык жана координация боюнча түрк агенттигинин гранттык каражатына курулган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
22.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |