ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Бишкекасфальтсервис» МИ жолдорго тосмолорду орнотууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Дэн Сяопин проспектиси Интергельпо көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин темир тосмолорду орнотуу иштерин жүргүзүүдө.

Темир тосмолор жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу, жарандар уруксат берилбеген жерден өтүп авариялык кырдаал түзбөшү, жол-транспорт кырсыгын азайтуу үчүн орнотулууда.


Тосмонун узундугу - 3,5 км, бийиктиги – 1,5 метрди түзөт. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери көп эл жүргөн Кудайберген базарынын жанына бетон тосмо орнотууну пландап жатат.


Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга, жол белгилерин жана көрсөткүчтөрүн бузбоого чакырат. Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!