Бишкекте белгисиз жарандар тарабынан кызыл карагайлар кыйылды
- Подробности
- Опубликовано 05.01.2017 08:52
Калаанын Шопопков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч кызыл карагай белгисиз жарандар тарабынан кыйылган.
Окуя болгон жерге "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын жана Санитардык-экологиялык инспекциянын адистери барып, кызыл карагайлар кол араа менен кыйылганын аныкташты.
Санитардык-экологиялык инспекция Мамлекеттик экотехинспекция менен биргеликте акт түзүп, шаардын сырткы көрүнүшүн бузган жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн Свердлов РИИБине кайрылышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |