ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын окуучулары кышкы эс алууларын көӊүлдүү өткөрүшүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, калаанын окуучулары үчүн кышкы эс алуу учурунда кызыктуу ийримдер уюштурулду.

Окуучулардын жана мектепке чейинки балдардын кышкы эс алууларын кызыктуу өткөрүү максатында, калаанын жалпы билим берүү уюмдарында жана балдар чыгармачылык борборлорунда жалпысынан 20 миӊ баланы камтыган  1300 ашык чыгармачылык ийримдер жана спорттук секциялар уюштурулду.


Ийримдерди өткөрүү үчүн 10 миӊден ашык райондук администрациялардын кызматкерлери жана  мугалимдери эмгектенишет.


Бекитилген иш-чаралар планына ылайык, мектептерде балдардын кругозорун кеӊейтүү жана өнүктүрүү  үчүн  интеллектуалдык конкурстар, «Эмне? Кайда? Качан?», «Алло, биз таланттарды издейбиз!», «Шаӊдуу башталгычтар», мыкты дубал гезити, сүрөттөр конкурсу өткөрүлөт. Ошондой эле музей, театр, парктарга, китепканаларга, коомдук-оюн-зоок жайларына баруулар уюштурулуп, шахмат, стол тенниси, дартс боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.


Жаш техниктер станциясы иш-чаралар планынын алкагында «Мыкты жаӊы жылдык кабинет» конкурсу өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгы менен биринчи орунду - «Марья Искусница», экинчи орунду- «Самоделкин» жана үчүнчү орунду – «Сыйкырдуу ийне» ийримдеринин кабинеттери алды.


Ийримдерди кызыктуу өткөрүү үчүн мугалимдер жана ата-энелер дагы  катышып жатат.