ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Ала-Арча» жана «Аламүдүн» сууларынын жээктериндеги кооптуу жерлерге мониторинг жүргүзүлүүдө

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгы менен биргеликте «Ала-Арча» жана «Аламүдүн» сууларынын жээктериндеги кооптуу жерлерге мониторинг жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында «Ала-Арча» суусу Ахунбаев көчөсүнөн Тынчтык проспектисине чейин жана «Аламүдүн» дарыясындагы кооптуу жээктерине мониторинг жүргүзүлүп, дайыма көзөмөл жүргүзүү уюштурулду. Мониторинг графикке ылайык күнү-түнү «Жашылдандыруу курулуш» ишканасынын суу чарба кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.


Мындан тышкары,  ишкананын кызматкерлери тарабынан коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштери өткөрүлүүдө. Учурда «Көлмө» жаӊы конушунун Мидин көчөсүнөн «Баят» базарына чейинки бөлүгүндөгү түйүндөрдү тазалашууда.