Калаа башчысы Албек Ибраимов шаар тургундары менен бирге Жаӊы жылды «Ала-Тоо» аянтында тосту
- Подробности
- Опубликовано 01.01.2017 04:25
31-декабрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана бий жамааттарынын катышуусунда жаӊы жылдык иш-чара өткөрүлдү.
Жаӊы 2017-жылды калаа башчысы Албек Ибраимов шаар тургундары жана коноктору менен борбордук аянтта бирге тосту.
Жаӊы жылдык концерттик программага шаардык маданият башкармалыгынын ырчылары жана чыгармачылык жамааттар катышты.
Саат 21:00до эстафета жаӊы жылдык концерттик программа даярдаган «Кыргызстан обондору» радиостанциясына берилди.
Саат 23:50дө майрамдын коноктору башкы балатынын жанына орнотулган чоӊ экрандан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун көрүштү.
Жаӊы жылдык иш-чара майрамдык солют менен жыйынтыкталды. Шаар тургундарынын ыӊгайлуулугу үчүн коомдук транспорттор саат 02:00го чейин каттап, коопсуздукту 1600 укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздады.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
29.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |