ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жаӊы жыл түнү коомдук транспорттор иштейт

2016-жылдын 31-декабрынан 2017-жылдын 1-январына караган түнү Жаӊы жылды тоскондон кийин саат 01:00го чейин коомдук транспорттор каттайт.

Ошондой эле майрамдык иш-чаралар учурунда Чүй проспектиси -Эркиндик бульвары – Панфилов көчөсү – Абдрахманов көчөсүнүн чектешкен жерлеринде унаа кыймылы үчүн жол жабылат. Киев көчөсү боюнча Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин коомдук унааларга гана жүрүүгө уруксат берилет.


Төмөнкү маршуттук каттамдар боюнча автобустар каттайт:


- №4 («Ак-Ордо» жаӊы коунуш – Совмин шаарчасы – Оберон базары);


-  №7 (Аламүдүн-1 кичи району – Фучик көчөсү);


 - №18 («Дордой» жаӊы коунушу – Күн-Туу айылы);


 - №38 (110 квартал – Аламүдүн – 1 кичи району);


- №42 (12-к/р – «Ала-Тоо» жаӊы конушу);


Мындан тышкары, төмөнкү каттамдар боюнча троллейбустар иштейт:


- «Ала-Тоо» аянты – Кожзавод – Эткомбинат;


-  №5 «Ала-Тоо» аянты – Жал кичи району – ЖЭБ;


 - №7 «Ала-Тоо» аянты – Тунгуч к/р – Ош базары;


- №8 «Ала-Тоо» аянты – «Ак-Өргө» к/р – Ош базары;


- №14 «Ала-Тоо» аянты – Киркомстрой – Ош базары;


-№17 «Ала-Тоо» аянты – Асанбай к/р – Ош базары.


Ошондой эле «Ала-Тоо» аянтынан 12 кичи автобусттук каттамдар каттайт:


№111 -  «Аска-Таш» жаӊы конушу – «Ново-Покровка айылы»;


№112 – «Көк-Жар» айылы – П.Лумумбы көчөсү;


№135 – «Арча-Бешик» жаӊы конушу – «Бакай-Ата» жаӊы конушу;


№137 – Чолпон –Ата көчөсү – П.Лумумбы көчөсү;


№138 – «Көк-Жар» жаӊы конушу – Азамат унаа базары;


№166 – Дэн Сяопин проспектиси – «Кырман» жаӊы конушу;


№179 – «Кара-Жыгач» жаӊы конушу – «Достук» к/р;


№211 – МТФ – «Тынчтык» жаӊы конушу;


№220 – «Ала-Тоо» жаӊы конушу – Аламүдүн – 1 к/р;


№254-«Ала-Тоо» жаӊы конушу – Чыгыш айылы;


№260 – «Бакай-Ата» жаӊы конушу – «Салкын-Төр» жаӊы конушу;


№262 – «Арча-Бешик» жаӊы конушу – «Кырман» жаӊы конушу.