Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды
- Подробности
- Опубликовано 29.12.2016 09:49
Бишкекте 2003-жылы туулган жана андан кичүү кыздар арасында футбол боюнча ачык биринчилик жыйынтыкталды.
Мелдешке калаанын спорттук мектептеринен 70 тен ашык футболчу кыз катышы. Спорттук мелдешти спорттук оюндар боюнча Адистештирилген өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдик спорттук мектеби уюштурду.
Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземине Адистештирилген өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин директору Мейирхан Аманбеков жана Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев катышып, жеӊүүчүлөрдү жеӊиштери менен куттукташты.
Биринчиликке 6 команда катышып, төмөнкүлөр жеӊишке ээ болушту:
Биринчи орун – АӨОРСМ СО- 1;
Экинчи орун – РАӨРСМ ФЦ;
Үчүнчү орун - АӨОРСМ СО- 16.
Биринчилик 22-декбардан 28-декабрга чейин өткөрүлдү.
Жеӊүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |