ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектик мугалимдер тарабынан «Жүрөктөн жүрөккө» акциясы уюштурулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан Улуттук онкология борборуна караштуу онко-гематологиялык бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн «Жүрөктөн жүрөккө» шаардык акциясы уюштурулду.

Акциянын программасы калаанын музыкалык мектептеринин мугалимдери тарабынан даярдалды. Мугалимдердин күчү менен жаӊы жылдык музыкалык программа уюштурулуп, конкурстар, оюндар өткөрүлдү. Ошондой эле 40 балага байгелер жана таттуу белектер таратылды.