ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мектеп этно маданият кабинетин ачты

Калаанын №28 мектеп-лицейинде этно маданият  кабинети ачылды. Бул мектеп көп тилдүү билим берүү боюнча мугалимдерди даярдоо үчүн ресурстук борбор болуп саналат.

Мектепте кыргыз элинин этно маданияты ийрими иштеп келет. Ал ийримден окуучулар унутулуп бара жаткан кыргыз кол өнөрчүлүгү, оюлар, чийден ою түшүрүү, кийизден, жүндөн буюмдарды жасоо боюнча маалыматтарды алып тааныша алышат. Окуучулар алган билимин практикада колдонуп, этномаданият кабинетин жасалгалоого катышышты.


Көп тилдүү билим берүү программасы көп улуттук биримдикти бекемдейт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси курч бойдон калууда. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү колдоо күчөтүлсө дагы, акыркы жылдары мектеп бүтүрүүчүлөрү тиешелүү деӊгээлде кыргыз тилин билбей жатышат.


2014-жылы аталган мектеп-лицей БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ)  жана БУУнун тынчтык куруу фондунун колдоосунда ишке ашырылып жаткан «Ар түрдүүлүктүн биримдиги» долбоорунун алкагында көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруучу сынамык мектептин катарына кирген.


Жаӊы талаптардын негизинде мектеп мугалимдери тарабынан 5-9-класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу-методикалык комплекси иштелип чыкты жана орус тилдүү  7-11-класстар үчүн «Кыргыз адабияты» китеби жазылды. Ошондой эле окуучуларга маданиятты, каада-салтты таанытуу жана кыргыз тилин үйрөтүү максатында атайын иштер жүргүзүлүүдө.