ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ кызматкерлери калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаанын көчөлөрүн, тротуарларды жана аялдамалардын алдыларын кардан жана муздан тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден тартып штаттык режимде иштешүүдө. Тротуарларды жана жолдорду муздан, кардан тазалоо иштерине  Жол-эксплуатация башкармалыгынын 20 жумушчусу жана калаанын райондорунун 510 короо шыпыргычы чыкты.


Тазалоо иштерине 28 кар тазалоочу унаа тартылды жана калаанын жолдоруна 220 тонна кум, 24 тонна туз чачылды.


Күн бою  «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн арыздардын негизинде жолдорду, ошондой эле тротуарларды  кардан тазалоо иштерин жүргүзүшөт.


Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.