ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы Ош базарына рейд өткөрдү

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы райондун ИИБнин кызматкерлери менен биргеликте 2016-жылдын 20-декабрында саат 02:00дон 06:00го чейин Ош базарында мыйзамсыз эт сатууну аныктоо боюнча кезектеги рейдин өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө эт азыктарын саткан сатуучулардын баары текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык бузуулар, ошондой эле сапатсыз эт азыктарын мыйзамсыз сатуу катталган жок. Бардык сатуучулардын жанында эт азыктарын жеткирүүгө жана сатууга тиешелүү уруксат документтери болгон.


«Акиф» ЖАК айланасында жайгашкан лабороторияда базарга келип түшкөн бардык эт азыктарын текшерүү жүргүзүлүүдө. Сапатсыз азыктар аныкталган учурда фитосанитардык кызматы аркылуу утилизациялоо жолу менен жок кылынат. Ошондой эле «Акиф» ЖАКнун кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сатууда санитардык нормаларды бузууга жол бербөө жөнүндө кепилдик каты алынды.


Мындан тышкары, ИИБ кызматкерлери «Акиф» ЖАКнун бардык кызматкерлерин сураштыршты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө атайын репортаждан кийин «Акиф» ЖАК кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан өлгөн малдын эти алынбагандыгы белгилүү болду. Бардык кызматкерлерден мыйзамсыз сатууга жол бербөө жөнүндө түшүнүктөр алынып, ошондой эле КР Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтер боюнча эскертүүлөр берилди.


«Акиф» ЖАКнун жетекчилиги сапатсыз эт азыктарын сатуу жана мыйзамсыз жеткирүү боюнча катталган учурларды укук коргоо органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына маалымдоого кепилдик берди.