Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолукту
- Подробности
- Опубликовано 21.12.2016 11:33
Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Албек Ибраимовдун Кыргызстандагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айымдос Бозжигитов менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаары менен Казакстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуусу талкууланды. Жолугушуунун соӊунда КРдагы Казакстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси муниципалитет башчысы Албек Ибраимовдун ишине ийгиликтерди каалап, жолугушуунун уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Эрнис Зарлыков, элчинин кеӊешчиси Ербол Ахметов жана элчиликтин экинчи катчысы Самат Соканаев катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |