ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада волейбол боюнча мэрдин кубогуна мелдеш жыйынтыкталды

18-декабрда «Арча-Бешик» конушундагы дене тарбия –ден соолукту чыӊдоо комплексинде Бишкек шаарынын мэринин кубогунун алкагында волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Мелдешке жалпысынан 4 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгында «Алмата» (Казакстан) командасы Бишкек шаарынын адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин спорттук оюндар командасы менен финалгы чыгып, 3:0 эсебинде жеӊишке ээ болушту.


Үчүнчү орунду Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун командасы жана төртүнчү орунду Нарын облусунун Ат-Башы районунун командасы алды.


Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов, Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын вице-президенти  Жеӊиш Кызалаков жана башкы катчысы Кылыч Сарыбагышев катышты.


Жеӊүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын диплом, медаль, кубок жана баалуу белектери менен сыйланышат.


Аталган спорттук иш-чара шаардык спорт комитети тарабынан уюштурулду.