ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүндө Ч.Айтматов 93/1 дарегинде жайгашкан «Жаӊырык» ЖЧКсынын айланасына курулуш таштандылары белгиленбеген жерге чогултулгандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан аталган коомдун директору Юсуров М. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.