Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чарага чакырат
- Подробности
- Опубликовано 20.12.2016 11:51
21-декабрда саат 9:00до Айтматов атындагы китепканада кыргыз эл жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чара өткөрүлөт.
Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан уюштурулууда.
Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабият мугалимдеринин жана 2-курсунун студенттеринин катышуусунда Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын, адабият сүйүүчүлөрүн улуу жазуучуну эскерүү иш-чарасына чакырат.
Китепкананын дареги: Чокморов көчөсү 246, сурап-билүү телефону: 45-42-52.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |