ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы шаар тургундарын жаӊы жылдык иш-чараларга чакырат

Свердлов райондук администрациясы шаар тургундарын жана конокторун майрамдык иш-чарага – Жеӊиш аянтындагы балатыны жандыруу аземине чакырат. Балатынын ачылышы 20-декабрда болот.

Шаар тургундары жана коноктору үчүн Аяз ата, Аяз кыздын катышуусунда майрамдык концерт тартууланат.


Ошондой эле 2016-жылдын 23-декабрында саат 13:00дон 14:00го чейин Кыргыз Мамлекеттик циркинин  артисттери «Менин балалыгымдагы балаты» көрсөтүүсүн тартуулайт.


2016-жылдын 28-декабрында Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борбору тарабынан куурчактардын катышуусунда жаӊы жылдык көрсөтүү көрсөтүлөт.


2016-жылдын 30-декабрында саат 13:00дон 14:00го чейин М.Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик куурчак театрында «Баары бир жаӊы жыл болот» көрсөтүүсү тартууланат.