ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте «Жаңы моделдеги китепкана» долбоорунун ачылышы болот

2016- жылдын 16-декабрында саат 10.00до Жукеев-Пудовкин көчөсү №1 дарегинде жайгашкан С.Орозбаков  атындагы №13 китепканасында «Жаңы моделдеги китепкана» долбоорунун ачылышы өтөт.

Долбоор  Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын колдоосунда   «Шаардык демилге» коомдук фонду тарабынан көрсөтүлөт.


Иш-чаранын катышуучулары үчүн «Доор» ансамблисинин, Б.Бейшеналиева атындагы көркөм институтунун студенттеринин, №10 музыкалык мектебинин окуучуларынын  аткаруусунда концерттик программа тартууланат.


Аталган иш-чара кыргыз адабиятынын чыгармаларын сактоо, өнүктүрүү, жаштар арасында  китеп окууга кызыгууну жаратуу, чыгармачылык жөнүндө маалыматтарды жайылтуу максатында өткөрүлөт.


Бишкек шаарынын мэриясы бардык каалоочуларды, шаар тургундарын жана шаар конокторун  иш-чарага чакырат.