ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада «Мэрдин кубогу» спорттук мелдешинин ачылыш аземи болуп өттү

«Арча-Бешиктеги» дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде Бишкек шаарынын мэринин кубогуна карата спорттук мелдештин ачылышы болуп өттү.

Мелдеш 12-декабрдан 18-декабрга чейин дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде кичи футбол, баскетбол, волейбол боюнча өткөрүлөт. Аталган спорттук мелдеш биринчи жолу өткөрүлүүдө жана мелдешти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурууда.


Мэрдин кубогуна мелдеш балдардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үндөө, спорттук оюндарды өнүктүрүү жана жайылтуу, спорттук мамилелерди бекемдөө, Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаарынын курама командаларына талапкерлерди кароо максатында өтүүдө.


Футзал боюнча мелдеш 12-декабрдан 14-декабрга чейин Бишкек, Ош, Алмата (Казакстан), Караганда (Казакстан) шаарларынын курама командалары арасында өтөт.


Баскетбол боюнча мелдеш 14-декабрдан 16-декабрга чейин Бишкек, Чүй облусу, Алмата (Казакстан), жана Адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинин (Казакстан) курама командалары арасында өтөт. Аталган спорттук мелдешке 18 жашка чейинки балдар катышат.


Ал эми волейбол боюнча мелдешке 16-декабрдан 18-декбарга чейин Бишкек, Чүй облусу, Алмата (Казакстан) жана Астана (Казакстан) шаарлары арасындагы курама командалар катышат. Мелдеште 18 жашка чейинки спортчулар ойношот.