Бишкекте Иманалиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
- Подробности
- Опубликовано 12.12.2016 12:36
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, капиталдык оңдоодон кийин Иманалиев көчөсү Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Оңдолгон бөлүктүн узундугу 800 метр. Аба–ырайынын сууктап кеткендигине байланыштуу ирригацияларды орнотуу жана тротуарларды оңдоо иштери токтотулду.
Оңдоо иштери КЭР өкмөтү тарабынан берилген гранттык каражатка жүргүзүлдү. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасындагы жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча «China Road and Bridge Corpоration in Kyrgyzstan» Кытай корпорациясынын арасындагы кол коюлган келишимдин алкагында, жалпы узундугу 95 км калаанын 49 көчөсү жана 6 көпүрөсү, анын ичинде жаңы конуштардын жолдору оңдолот.
Бишкек шаарындагы көчө-жол тармагын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында 2016-жылдын 2-сентябрында Кытай Эл Республикасынын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү арасында кайтарымсыз негизде грант берүү келишимине кол коюлган.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
30.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |