Калаада «Бишкетин №11 кичи районунда турак-жай комплекси менен көп функционалдуу курулуш» архитектуралык-шаар куруу долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулду
«Бишкекбашкыархитектура» МИ билдирүүсү боюнча, ишкананын фойесинде «Бишкетин №11 кичи районунда турак-жай комплекси менен көп функционалдуу курулуш» архитектуралык-шаар куруу долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулду.
Конкурс Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Архитекторлор кеңешинин жана «Бишкекбашкыархитектура» МИ катышуусунда өткөрүлүп, 2016-жылдын 6-ноябрында башталып, 5-декабрга чейин улантылды.
2016-жылдын 5-декабрына чейин «Бишкекбашкыархитектура»муниципалдык ишкананысынан 55551, 17370, 51216, 05126, 13377, 18536, 15599, 15329, 16045, 76543, 1983, 10011, 27022 шифрлары менен 13 долбоор көрсөтүлүп, катталган.
Көргөзмө 2016-жылдын 19-декабрына чейин улантылат. Бардык каалоочулар Чокморов көчөсү №185 дарегинде жайгашкан «Бишкекбашкыархитектура» МИ фойесинде өтүп жаткан көргөзмөнү көрө алышат жана өздөрүнүн сын пикирлерин калтыра алышат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
05.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |