ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ТООРУККА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ

PIP-4 Лабораториялык жабдыктарды жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү.

Кыргыз Республикасы

 

Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо долбоору – II фаза

 

PIP-4 Лабораториялык жабдыктарды жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү

 

Бул тоорукка катышууга чакыруу ЕРӨБдүн “Сатып алуу жөнүндөгү кабарлоо” бетиндеги веб-сайтында жайгашкан бул долбоор боюнча сатып алуу жөнүндөгү 2016-жылдын 8-июлундагы www.ebrd.com Жалпы кулактандыруусуна ылайык чыгарылды.

 

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (ӨЭБ), мындан ары “Сатып алуучуБишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реаблитациялоо долбоору – II фаза каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынын көрсөтүлгөн насыя  каражаттарынын бөлүгүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан башкаруучулук кылган Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн (СЕКО көрсөткөн) грант каражаттарынын бөлүгүн пайдаланууну ниет кылат.

 

Сатып алуучу муну менен кредиттин жана гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланган төмөнкү келишимдер боюнча тоорукка катышууга табыштамаларды берүүгө Жеткирип берүүчүлөрдү чакырат:

Лабораториялык жабдыктарды жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү өзүнө:

·        Лот 1 - “Шаарсуутүтүк” жана “Шаарканализация” ишканаларынын лабораториялары үчүн лабораториялык жабдыктар

·        Лот 2 – Тартып алуучу шкафтар, ламинардык шкафтар жана эмеректер

·        Лот 3 – Компьютердик жабдыктар, үзгүлтүксүз электр жабдык системалары, принтерлер

Коштоочу кызмат көрсөтүүлөр:

 

1. Жеткирип берүүчү алып келинген жабдыктарды куроо боюнча колдонмолорду көрсөтүшү керек (орус тилинде).

 

2. Жеткирип берүүчү алып келинген жабдыктарга толук жумушчу колдонмолорун көрсөтүшү керек (орус тилинде).

 

3. Жеткирип берүүчү кепилдик мезгил ичинде жабдыктардын техникалык тейлөөсүнүн жана оңдоосунун  графигин көрсөтүшү керек.

 

Табыштамалар бир же андан көп лотторго берилсе болот. Сунушталган ар бир лоттор боюнча баалар өз-өзүнчө көрсөтүлүшү керек. Бир нече лотторду аткарууга берилген табыштамаларда арзандатуулар сунушталса болот, алардын саны табыштамаларды салыштыруу процессинде эске алынат.

 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан башкаруучулук кылган Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн (СЕКО көрсөткөн) гранттын каражаттарынын эсебинен жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынын көрсөтүлгөн кредиттин каражаттарынын эсебинен каржылана турган контракт боюнча тендерге каалаган өлкөнүн компаниялары катышуу укугуна ээ боло алат. Банк тарабынан көрсөтүлгөн кредит каражаттары жактарга же ишканаларга төлөө үчүн же товарлардын каалаган импортуна төлөө үчүн пайдаланууга болбойт, эгерде мындай төлөм же импорт БУУнун Уставынын VII бапына ылайык кабыл алынган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен тыюу салынат.

ЕРӨБдүн кредитинин каражаттарынын эсебинен каржыланган келишимдерди аткаруу тооругуна каалаган өлкөнүн компаниялары катышууга укуктуу.

 

Келишмдерди берүүгө укукту алуу үчүн тооруктун катышуучулары төмөндө көрсөтүлгөн минималдык квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

1.        Тооруктун катышуучусу Сатып алуучунун өлкөсүнө мындай товарларды алып келүүгө кадимкидей даярдоочу тарабынан укукка ээ болушу керек.

2.        Контракты аткаруу үчүн тооруктун катышуучусунун керектүү финансылык, техникалык, өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жана күч кубаттуу болушу керек. Ар бир лоттор үчүн жылына 200 000 Евродон кем эмес жылдык товар жүгүртүүсү болуш керек. Тооруктардын жергиликтүү катышуучусу салык жана социалдык фонд боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалыматты, бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша боюнча отчет, аудитордук отчетторду ж.б. көрсөтүшү керек. Тооруктун катышуучусу ликвиддик активдерди алууга же өзүнүн карамагында бар экендигин, башка келишимдер боюнча милдеттенмелердин тооруктун катышуучусунда бар экендигин эске алып, евро эквивалентиндеги 50 000денкем эмес эсеп боюнча түзүлгөн суммадагы келишимдерди аткаруу үчүн ага жүгүртүү каражаттардын бар болуусун камсыз кылууга  мүмкүндүк берген, күрөөгө коюлбаган кыймылсыз мүлк, кредиттик линиялар жана башка финансылык каражаттар бар экендигин далилдеши керек.

3.        Тооруктун катышуучусу Жеткирип берүүчү катары акыркы 3 жыл ичинде сунушталган товарларды жеткирип берүүдө ийгиликтүү жана маанилүү өлчөмдө бүткөрүлгөндүгү, бирдейлиги менен  3 төн кем эмес келишимди ийгиликтүү аткаргандыгы жөнүндө тажрыйбасы бар экендиги туралуу далилди көрсөтүшү керек. Окшоштук “Сатып алуучунун талаптарынын” VI бөлүгүндө каралган физикалык көлөмдөргө, татаалдыктарга, ыкмаларга/технологияларга же андан башка мүнөздөмөлөргө негизделет.

4.        Тооруктун катышуучусу же анын агенти даярдоочу заводдун эксплуатациялоосунун кепилдик мөөнөт ичинде жеткирип берүүчүнүн милдеттенмесин аткаруу абалында болуусу керек жана бул тендердик документтерде ага жазылган камдык бөлүктөр менен камсыздоосу керек. Тооруктун катышуучусу ыйгарым укуктугу жөнүндө керектүү сертификаттарды, лицензияларды же каттарды көрсөтүшү керек.

5.        Консорциумдар жана биргелешкен ишканалар үчүн чен белгилер (СПКА):

Эгер тооруктун катышуучусу биргелешкен ишкананын атынан табыштаманы берген учурда, ал төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

а) биргелешкен ишкананын жетектөөчү компаниясы жогоруда көрсөтүлгөн минимум 70% квалификациялык чен белгисине (2) жооп берген жана квалификациялык чен белгилерде (3) көрсөтүлгөндөй  жок дегенде эки (2) контрактыны аткарууда башкы подрядчы катары иш тажрыйбасы болушу керек;

b)  биргелешкен ишкананын ар бир мүчөсү жогоруда көрсөтүлгөн минимум 30% квалификациялык чен белгисине (2) жооп берген жана квалификациялык чен белгилерде (3) көрсөтүлгөндөй  жок дегенде бир (1) контрактыны аткарууда башкы подрядчы катары иш тажрыйбасы болушу керек; Жалпысынан консорциум (ага кирген компаниялар) бардык жогоруда көрсөтүлгөн чен белгилерге далт келиши керек.

Эгерде жеткирип берүүчү биргелешкен ишкана болуп эсептелсе, анда эки же андан көп адамдан турган консорциум же ассоциация тарабынан бардык жактар Сатып алуучунун келишиминин шарттарын аткарууга бирдей милдеттенмелерди мойнуна алат, эгерде башкалар Сынактын жалпы шартында (СЖШ) көрсөтүлбөсө. Биргелешкен ишкана бир катышуучуну биргелешкен ишкананын атынан лидер катары чыгууга ыйгарым укук берет. Биргелешкен ишкананын Уставы же Конституциясы сатып алуучунун алдын-ала макулдугу жок өзгөртүлбөшү керек.

Тендердик документтерди 640 сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз чогултулган төлөмдөн кийин төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча алсаңар болот.

 

 

 

Бенефициарий банкы

р/с 1091820102890180

ОАО “UniCreditBank”, Бишкек, Кыргыз Республикасы

SWIFT:ENEJKG22

Chips UID:416502

Ортомчу банк

Standard Chartered bank, Нью-Йорк, США

SWIFT:SCBLUS33

р/н: 3582023671001

 

Төлөмдү күбөлөндүргөн документтерди алгандан кийин сынак документтеринин комплекти тез арада адресатка курьер почтасы аркылуу жиберилет; бирок жиберүүчү документтердин жоголушуна же кеч алып барылышына жоопкерчиликти албайт. Тооруктун потенциалдуу катышуучусуна төлөмдү күбөлөндүргөн документтерди көрсөткөндөн кийин, сынак документинин комплектинин көчүрмөсү анын табыштамасы боюнча ага электрондук формада жиберсе болот. Электрондук жана кагазда жазылган документтердин ортосунда текстерде айырмачылык болсо, кагазда жазылган документ артыкчылык күчкө ээ.

 

Табыштамалар Сатып алуучунун офисине 2017-жылдын 11-январына чейин саат 10.00дөн кечикпестен жеткирилиши керек, качан табыштамалары менен конверттер тооруктун катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачыларда, калоочулар бул учурда катышса болот.

 

Конкурстук документтерди сатып алган тооруктун потенциалдуу катышуучуларынын тизмеси менен төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча таанышса болот.

 

Тооруктун (сынактын) потенциалдуу катышуучулары кошумча маалыматтарды алса жана сынак документтери менен таанышса болот, ошондой эле аны төмөнкү дарек боюнча алса болот:

 

Кыргыз Республикасы

720023, Бишкек

10-кичи район, 35-үй

“Бишкексууканал” ӨЭБы долбоорду ишке ашыруу бөлүмү

Тел.: +996 312 542119

e-mail: piu Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.