ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Урматтуу шаар тургундары!

Бишкек шаарынын мэриясы Улуу Ата мекендик согушта курман болгондордун эстелигине доо кетирген адамдарды табууга чакырат.

2016-жылдын 29-ноябрында АКИпресс сайтынын «Репортер» рубрикасына Жеңиш аянтындагы өчпөс отко картошка бышырып жаткан жаш балдардын видеосу чыккан.
Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын ИИББ бул терс көрүнүшкө катышкандарды аныктоо үчүн кайрылган. Свердлов районунун ИИББ кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.


Урматтуу шаар тургундары!  Аталган жарандар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөндөгү WhatsApp номерлерине кайрылуусун суранабыз.


Матмусаев Марат (Свердлов району) — 0 (555) 44-71-54, же Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына жана 1840 кыска номерлерине кайрылууга болот. Мындан тышкары 0 (554) 18-21-85 43-32-75, 43-28-15 38-20-12, 38-20-12 телефондоруна кайрылууга болот.