Шаардык мектептер карантинге жабылды
- Подробности
- Опубликовано 02.12.2016 15:31
Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында вице-мэр Айгүл Рыскулованын жетекчилиги алдында Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча координациялык комитеттин жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборунун 2016-2017-жж. Эпидемиологиялык мезгилдеги сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясынын абалы боюнча маалыматы угузулду. Борбордун билдирүүсү боюнча сасык тумоо күч алган. 14 жашка чейинки ооруган өспүрүмдөр 66,8%, анын ичинде 4 жашка чейинкилер – 41,3% жана 5 жаштан 14 жашка чейин -25,5 % ды түзөт. Учурда балдардын сабактарга катышуусу кескин төмөндөдү.
Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык маанилүү жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча координациялык комитети 2016-жылдын 5-декабрынан 12-декабрына чейин калаанын мектептеринде окуу процессин токтотуу чечимин кабыл алды. Ал эми бала бакчаларга балдардын келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |