ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген чоң адамдар арасында өткөрүлгөн ХVIII шаардык спартакиада жыйынтыкталды

«Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда гала-концерт жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген чоң адамдар арасында өткөрүлгөн ХVIII шаардык спартакиаданын жана кол өнөрчүлүк жана прикладдык искусство фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Иш-чара ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө арналды.


Жеңүүчүлөрдү Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.


«Урматтуу жеңүүчүлөр! Сиздерди жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктап, сиздердин ийгилигиңиздерге зор салымын кошкон машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем. Бишкек шаарынын мэриясы сиздер ыңгайлуу шаарда жашооңуздар үчүн бардык иштерди жасоого аракет кылууда»,-деди вице-мэр.


Иш-чаранын жүрүшүндө фестивалдын жана спартакиаданын женүүчүлөрүнө баалуу белектер, диплом, грамота тапшырылып,  Бишкек шаарынын мэринин атынан 5 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам Бишкекпочтамттын почта бөлүмү аркылуу берилди.