ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунда тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Нурдин Тынаевдин №1 МАБдын тургундары, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ленин районунун акими районду экономикалык, турак-жай коммуналдык чарба, курулуш, социалдык маселелер жана билим берүү багытындагы аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берип,  коммуналдык  кызматтар таштанды чыгаруучу жаңы унааларды колдонуп жатышкандыгын белгиледи.


Таштанды чыгаруу жана тазалоо иштерин жакшыртуу максатында райондун аймагына бастырмасы менен евроконтейнерлер орнотулууда.


Мындан тышкары, жолугушууда  кварталдар аралык жана райондун ички жолдорун реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды.


Бүгүнкү күндө №1 МАБдын аймагындагы Патриса Лумумбы, Кайназаров, Кустанай, Астрахан жана Сельсовет көчөлөрү оңдолду.


Жолугушууда район тургундары тарабынан жолдорду, тротуарларды, ирригациалык тутумдарды оңдоо, тышкы жарыктандыруу, борбордук канализацияга кашуу, балдар аянтчасын куруу, коопсуздук маселелери жана башка көйгөйлөрү көтөрүлдү.


Жыйындын соңунда аталган көйгөйлөр боюнча тиешелүү кызматтарга тез арада чечүү тапшырмасы берилди.