ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында стол тенниси боюнча мелдеш жыйынтыкталды

Дүлөй балдар үчүн республикалык мектеп-интернатында ден соолугунан мүмкүнчүгү чектелгендердин арасында стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешке 12 уюмдан 40 спортчу катышып, жеке атаандаштыкта өткөрүлдү.


Угуусу начар балдар арасында №21 дүлөй балдар үчүн республикалык адистештирилген мектеп-интернатынын өкүлдөрү Абдурауф Касымов жана Алмазбек кызы Анжелика жеңишке ээ болушту.


Чоңдор арасында биринчи орунду Бишкек шаардык дүлөйлөр уюмунан Турдалы уулу Арстан жана Айтурган Даниярова багындырды.


Ошондой эле борбордук нерв системасы бузулган балдар арасында биринчи биринчи орунга Асран Старес (№ 30 көмөкчү мектеп) жана  Мэл Мамбеталиева (№34 көмөкчү мектеп) ээ болушту.


Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өткөрүлгөн XVIIIспартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 1-2-декабрда «Сейтек» балдар чыгармачылык борборунда өткөрүлөт.