Бишкекте карантинге 20 мектеп жабылды
- Подробности
- Опубликовано 01.12.2016 16:25
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, калаанын 20 мектеби карантинге жабылды.
Бул жумада борбор тарабынан калаанын бардык райондорунан 59 мектеп текшерилип, №1, 6, 12, 13, 17, 22, 23, 28, 29, 33, 38, 40, 48, 57, 61, 65, 66, 67, 78, 79 мектептеринде, «Ариел-Лиор» жеке бала бакчасында, «КРСУ» и «Сейтек» жеке мектептеринде 30 пайыздан ашык окуучу сасык тумоо менен ооруганына байланыштуу сабактарга катышпай жатышат. Буга байланыштуу окуу процессин 5 күнгө токтотуу токтому чыгарылды. Медиктер башка жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын сабактарга келүүсү боюнча мониторинг жүргүзүүдө.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына сасык тумоо менен ооруган 422 адам жаткырылган. Анын ичинен, 395 0 жаштан 14 жашка чейинки балдар, бул көрсөткүч 93%ды түзөт.
Калган мектептер боюнча акыркы чечим Бишкек шаарынын мэриясынын координациялык комитетинин 2-декабрда өтө турган жыйынынан кийин кабыл алынат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
27.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |