ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук администрациясы өрттө жабыркаган үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы үйү өрттөнүп кеткен үй-бүлөгө жардам көрсөттү.

Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев бир нече күн мурун үйү өрттөнүп кеткен «Ала-Тоо» конушунун тургуну Б.Шергазиеванын  абалын сурап,  курулуш материалдар түрүндө жардам көрсөттү. Ошондой эле дагы да кошумча жардам берерин белгиледи.

Б.Шергазиева  кызы балдардын церебралдык шалы менен ооруй тургандыгын жана 1 топтогу майып экендигин белгилеп, майрамдын алдында берилген жардам үчүн ыраазычылык билдирди.