ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында кол күрөш боюнча спартакиада болуп өттү

24-ноябрда Свердлов районунун Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген жаш балдардын олимпиадалык резервдик спорттук мектебинде XVIII  спартакиаданын алкагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында армрестлинг боюнча спартакиада өткөрүлдү.

26-ноябрда кол күрөштүн жеңүүчүлөрү аныкталды.

Мелдешке 12 уюмдан  200 дөн ашык спортчулар катышты.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өткөрүлгөн спартакиада дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлдү.

Мелдеште төмөнкүлөр жеңишке ээ болушту:

Армрестлинг (угуусу боюнча)         

Балдар арасында:

1 -орун – Адилет Текебаев  50 кг чейин;


1 -орун – Алмазбек уулу Акылбек 60 кг чейин;

1 -орун – Байсалбек Орозали 70 кг чейин;

1 -орун – Бектурсун Шадыбеков  70 кг жогору.  

Эркектер арасында:

1 -орун – Нурбек Аалиев 60 кг чейин;

1 -орун – Эльдияр Талантбеков 70 кг чейин;

1 -орун – Шамиль Шаринбеков 80 кг чейин;

1 -орун – Калысбек уулу Жаныбек 80 кг жогору.

Армрестлинг (борбордук нерв системасы боюнча)

Балдар арасында :

1 -орун – Максат Тыныбеков 60 кг чейин;

1 -орун – Нурланбек уулу Алманбет 70 кг жогору;

Эркектер арасында:

1 -орун – Марат уулу Руслан 50 кг  чейин;
1 –орун  – Абдылда уулу Султанбек  60 кг чейин;

Армрестлинг (таяныч-кыймылдаткыч аппараты бузулгандар)


Балдар арасында:

1 -орун – Канат Абдыжапаров 50 кг чейин.

Эркектер арасында:

1  - орун  – Александр Прокопов 60 кг чейин;

1 –орун  –Арстанбек Базаркулов 60 кг  жогору.

Маалымат: аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурду. Башкармалыктын  төрагасы Ырысбек Мааткабылов, тел: (кабылдамасы) 44-29-51, 67-11-63.